Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Өзбекстан: кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу эки тилке аныкталды


Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Наманган шаарында 15-21-октябрда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек жумушчу топторунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Мындай маалымат 21-октябрда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүдө эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен Кыргызстандын Баткен облусу менен чектешкен Өзбекстандын Фергана облусунун аймагындагы Шахимардан тилкеси, ошондой эле Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен чектешкен Өзбекстандын Наманган облусунун Кандиён-Булок тилкесинин бир бөлүгү аныкталып, жазылды. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жолугушуу достук маанайда, конструктивдүү өткөнүн билдирди.

Кыргызстандын өкмөтү жана Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу комментарий бере элек. Алар маалымат даярдалып жатканын айтуу менен чектелишти.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 85 пайызы такталган. (NT)

XS
SM
MD
LG