Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

"Reuters": түрк полициясы Хашоггинин сөөгүн Стамбул токоюнан издеп жатат


Стамбулдагы Сауд Арабиясынын резиденциясында тинтүү жүргүзүп жаткан полиция кызматкери. 18-октябрь, 2018-жыл.
Стамбулдагы Сауд Арабиясынын резиденциясында тинтүү жүргүзүп жаткан полиция кызматкери. 18-октябрь, 2018-жыл.

"Reuters" агенттиги бир катар расмий булактарга таянып түрк полициясы дайынсыз жоголгон журналист Жамал Хашоггинин сөөгүн Стамбулдун чет жагындагы токойдон жана Мармар деңизинин жээгиндеги шаарлардын биринде издеп жатканын жазды.

Тергөөчүлөр ошондой эле Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугун жана консулдун резиденциясын тинтүү маалында "бир катар материалдарды" табышканын "Reuters" агенттигине жогорку даражалуу түрк аткаминерлери маалымдашкан. Алардын айтуусунда, учурда полиция бул материалдарды текшерүүдөн өткөрүп жатат.

Агенттик өз булактарына шилтеме кылып, Хашоггини өлтүргөндөр анын сөөгүн Стамбулдун түштүгүндөгү Белград токоюнда көөмп салышы мүмкүн экенин жазды. Ошондой эле журналистти издөө иштери Стамбулдан 90 чакырым жердеги Ялова курорт шаарынын жанындагы айылда да жүрүп жатканы маалым болду.

Сауд Арабиясынын бийлигин кескин сындап келген журналист Жамал Хашогги 2-октябрдан бери дайынсыз. Ал Стамбулдагы Саудиянын консулдугуна кирип кеткен бойдон чыккан эмес. Анкарадагы бир катар бийлик өкүлдөрү "Хашоггини Саудиянын бийлик өкүлдөрү өлтүрүп коюшу мүмкүн" деп эсептесе, Эр-Рияд мындай дооматтарды четке кагууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп саудиялык журналист Жамал Хашогги «чын эле өлтүрүлгөн окшойт» деп 18-октябрда билдирди. Ал тергөөнүн расмий жыйынтыгын күтүп жатканын, эгерде журналисттин өлүмүнө Сауд Арабиясынын бийлигинин тиешеси аныкталса, анын кесепети Эр-Риядга оор болоорун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG