Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Орусия "кара тизмедеги" кыргызстандык мигранттарга мунапыс берди


Москва шаары. Архивдик сүрөт. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва шаары. Архивдик сүрөт. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-орус президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин Орусияга кирүүгө тыюу салынган «кара тизмедеги» жарандарга кайрадан өлкөгө кирүүгө уруксат берилди.

Ага ылайык, Орусиянын аймагында миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн жарандар өлкөдөн чыгып, кайра жаңы миграциялык карта менен кирсе болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кабарлады. Маалыматка караганда, мунапыс Орусияда бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган же учурда миграциялык эрежелерди бузган жарандарга гана тиешелүү.

Сот "Орусиядан чыгарылсын" деген чечим чыгарып, бирок өз маалында өлкөдөн кетпегендерге, издөөдө жүргөн жарандарга, Орусияга кирүүнүн жана чыгуунун тартиби боюнча мыйзамдын 27-беренесинин негизинде орус жергесине кирүүгө тыюу салынгандарга мындай жеңилдиктин тиешеси жок.

«Кара тизмедеги» жарандар 2018-жылдын ноябрь айынан тартып өздөрүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалымат базасынан текшертсе болот.

Ушу тапта Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамды бузуп, мыйзамсыз иштеп жаткан жарандар 16-октябрдан 10-декабрга чейин өлкөдөн чыгып, кайрадан жаңыланган миграциялык карта менен кире алышат.

Расмий маалыматка караганда, Орусияга кирүүгө тыюу салынган «кара тизмеде» 70 миңдей кыргызстандык бар. (LzT)

XS
SM
MD
LG