Ошондуктан дыйкандар мээнети кайтпай, өндүргөн айыл чарба азыктары арзанга бааланып жатканына бушайман. Ал эми Айыл чарба министрлиги түшүм мол болгонун, аны экспортко жөнөтүү жолго коюлганын, бирок анын баасы төмөн болуп жатканын билдирди.
Айыл чарба саясатынын алсыздыгы
Быйыл түшүм жылын жыйынтыктай баштаган бир катар дыйкандар учурда картөшкөнүн, жүгөрүнүн, сарымсактын, пияздын жана кээ бир мөмө-жемиш түрлөрүнүн баасы жылдагыдан арзан болуп, кеткен чыгымды актабай калганына даттанышты.
Мунун негизги себеби - жылда киреше алып келип турган ушул айыл чарба азыктары жылдагыдан көп өндүрүлүп, ошондон улам анын базар баасы кескин түшүп кеткен.
Ал эми аларды сыртка чыгарып сатуу жөнгө салынбай калганын айткан жарандардын бири Сатыбалды Кыдырмышев мамлекет айыл чарба саясатын иретке келтире албаганы буга терс таасир этип жатканын билдирди:
- Дыйкандардын эмгеги талаага кетип жатканынын негизги себеби - пландуу иш жүргүзүлбөй жатат. Айыл чарба министрлиги дыйкан кайсы өсүмдүтөрдү кандай көлөмдө өстүрүшү керек жана аларды каякка алып барып сатышы зарыл экенин пландаштырып, атайын белгилеп, багыт берип, саясат жүргүзсө жакшы натыйжа болмок. Тилекке каршы, дыйкандардын арасында азыр бардыгы башаламан. Анан дагы мамлекет айыл чарба азыктарынын көп өндүрүлүшүн камсыз кылыш үчүн аны сыртка сатуунун жолдорун ачып, макулдашып берсе болмок. Эл аралык сертификациялоонун шарттарын түшүндүрүп, анан келишимдерди түзүп, биздин айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн товарларын сыртка алып чыгууга жол ачылганда анын баасы да кымбат болуп, дыйкандын акыбети кайтып, натыйжада мамлекетке да жакшы болмок.
Кыргызстандын өкмөтү Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болуп кирип жатканда айыл чарба азыктарын 250 миллион калкы бар базарга сатууга жол ачылганы тууралуу көп сөз болуп, ошондуктан айыл чарба багытындагы өсүмдүктөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө чакыргандар чыккан. Бирок дыйкандар арасында натыйжа күткөндөй болбой жатканы сөз болууда.
Быйыл жыл башында айыл чарба министри Нурбек Мурашев картөшкө менен жүгөрүнү Өзбекстанга экспорттоо маселеси макулдашылганын билдирген. Бирок быйыл жайында Өзбекстан картөшкө алуудан баш тартканы жарыяланган.
Айыл чарба адиси Манас Саматов Кыргызстан экспорттук мүмкүнчүлүгүн пайдалануу ордуна башка өлкөлөрдүн импорттук полигонуна айланып калганына зээни кейиди:
- Биз импортко эшигибизди толук ачып койдук. Ал эми биздин товарларды экспорттоого келгенде машакаттар жоюлбайт. Анткени ЕАЭБ уюмунда кандайдыр так аткарыла турган эрежелер иштебейт. Ошондуктан бизден барган товарларды бул уюмдагы өнөктөш өлкөлөр кааласа кабыл албай, артына кайтарып койгон учурлар болуп жатат. Анан Өзбекстан чек арасын ачып койду эле, ал жактан арзан айыл чарба азыктарынын агымы каптап кетти. Ошол эле кезде биз ал жакка картөшкө алып барып сата албай жатабыз. Союз мезгилинде Анжиян менен Наманганда Кыргызстандын картөшкөсү сатылчу. Бирок азыр ал өзүнүн рыногун коргоп, биздин картөшкөнү киргизбей жатат. Расмий жолугушууда башканы айтып, ал эми иш жүзүндө кошуналар биздин товарларга чектөө коюп жатканын байкоого болот.
Экспорттун азайышына рубль менен теңге себепкер болдубу?
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылдын октябрь айына карата Кыргызстанда жалпы наркы 9 миллиард сомдон ашуун айыл чарба азыктары өндүрүлгөн. Бул былтыркы жылдын ушул маалына карата жалпы айыл чарба азыктарынын көлөмү 9 пайызга көп өндүрүлгөн деген сөз. Анын ичинен төө буурчак, пахта, жашылча жана мөмө-жемиштердин көп бөлүгү сыртка экспорттолгон. Бирок айрым маалымат каражаттарында Орусиянын жана Казакстандын айыл чарба органдары барган жүктү “талапка жооп бербейт” деп артка кайтарган учурлар болгону жарыяланган.
Айыл чарба министри Нурбек Мурашев эмнегедир экспорт көп болуп, бирок анын баасы төмөн болуп жатканын улутттук валюталардын оош-кыйышы менен түшүндүрдү:
- Казакстан менен Орусияда рубль менен теңгенин куну түшүп кетип, биздин экспортерлор үчүн кыйын болду. Анткени биздин ал жакка ташылып барган товарлар арзан сатылды. Бирок биздин экспорт жылдагыдан көбөйдү. Сезон маалында бир күндө 400 жүк ташуучу автоунаага сертификат берилип, алар Орусияга жана Казакстанга кетип жатты. Ошондо ар бир фурадагы жүктү 20 тоннадан эмес, 10 тоннадан эле эсептегенибизде да күн сайын 4000 тонна мөмө жана жашылча-жемиш сыяктуу айыл чарба өндүрүмү экспортко кетип жатты. Анан эми “чек арадан бараткан жүк кармалды” деген менен кайра бизге бир да жүк артына кайтарылган жок. Баары барган жагында сатылып кетти.
Жакында эле Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан бараткан 20 тонна жүзүмдү жана 2 тонна алманы чек арадан өткөзбөй койгонун жарыялаган. Ага чейин Кыргызстан “ылаңга байланыштуу” деп Казакстандан келчү тоок этинин киришине убактылуу тыюу салып, бирок бир күндөн кийин ал чектөө алынып салганын билдирген.