Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Бишкек православ чиркөөсү Константинополь партриархатынын чечимин колдобойт


Бишкектеги чиркөө.
Бишкектеги чиркөө.

Бул тууралуу Бишкек православ чиркөөсүнүн расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.

Анда 15-октябрда Минскте Орус православ чиркөөсүнүн Ыйык Синодунун жыйыны өткөнү кабарланган. Аталган жыйында Константинополь патриархатынын Орус православ чиркөөсүнүн аймагына кийлигишүүсүнө каршы билдирүү кабыл алынган. Билдирүүдө Орус чиркөөсү мындан ары Константинополь патриархатынын чечимдерин аткарбай турганы айтылган.

Буга чейин Константинополь патриархаты Орус православ чиркөөсүнүн Украинанын православ чиркөөсүнүн үстүнөн башкаруу укугун жокко чыгарган чечим кабыл алган. Бул Украинаны Орусиянын диний таасиринен чыгып, өз алдынча чиркөө түзүү аракети менен байланыштуу. Орусиянын бийлиги жана православ чиркөөсү мындай аракетке каршы чыгып, сынга алып келет.

Бишкек православ чиркөөсү Орус православ чиркөөсүнө баш ийет. (BkA)

XS
SM
MD
LG