Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Депутат Казакбаев Бабанов боюнча президентке кайрылды


Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

11-октябрда “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, саясатчы Өмүрбек Бабановдун ишин калыс карап берүүнү өтүндү.

Ал өз сөзүндө президенттин өлкөнү өнүктүрүүгө аракет кылып жаткан бардык тармактын өкүлдөрү менен жолугуу ниетин колдой тургандыгын жана "Өмүрбек Бабанов конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билген саясатчы экенин" белгиледи.

- Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 34% алып, бирок шайлоону биринчилерден болуп таанып, ынтымакты, биримдикти өзгөчө колдоп берди эле. Өзүңүздү куттуктап, шайлоочуларын тынчтандырып, ден соолугун чыңдоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткен. Президентке кайрылуумдун себеби - жалпы партиялаштар жана шайлоочуларыбыз суранып жатат. Бул маселени калыс карап берсеңиз.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын күзүндө президенттик шайлоодо ат салышып, утулган. Анын үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келери белгиленип, УКМК кылмыш ишин козгогон.

Бабанов учурда Орусияда ишкерлик менен алектенип жүргөнүн анын санаалашы, парламент депутаты Руслан Казакбаев билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG