Украин бийлиги билдиргендей, бир нече жарылуу өлкө борбору Киевден 180 чакырымдай жерде жайгашкан ок -дары кампасында болду. Андан жабыр тарткандар тууралуу маалымат түшө элек.
700 гектардай аянтта жайгашкан кампада жарылуулар жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн таңкы саат 3:30тарда башталган.
Мындан улам бийлик өкүлдөрү убактылуу 30 чакырым радиустагы аба мейкиндигин, темир жолдорду жана автоунаа жолдорун жабышты.
Буга чейин былтыр март айында да Харьков шаарынын жанындагы ок-дары кампасындагы жарылуу менен өрттөн 20 миңдей киши эвакуацияланган.
Андан мурда, 2017-жылдын сентябрында Винница деген шаарда аскердик кампа жарылып, 30 миңдей киши көчүрүлгөн.
Украин бийлиги аскердик кампалардагы өрт менен жарылууларды “саботаж” деп атаган. (UE)