Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

"Петров" ГРУнун аскер дарыгери Александр Мишкин экени аныкталды


Солдо Руслан Боширов катары таанылган Анатолий Чепига, оңдо Александр Петров катары таанылган Александр Мишкин.
Солдо Руслан Боширов катары таанылган Анатолий Чепига, оңдо Александр Петров катары таанылган Александр Мишкин.

"The Insider" жана "Bellingcat" басылмалары Скрипалдарды ууландырууга байланыштуу айыпталган «Александр Петровдун» чыныгы аты-жөнү менен өмүр баянын таап, ал Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) аскер дарыгери Александр Мишкин экенин аныктап чыгышты. Бул тууралуу "The Insider" басылмасы жазды.

1979-жылы Архангельск облусундагы Лойга айылында туулган Мишкин аскердик академиялардын биринде медициналык билим алган. Окуп жүргөндө ага ГРУда иштөө тууралуу сунуш түшүп, 2010-жылы Москвага көчүп келген.

Анда Мишкин Александр Петров деген ысым менен жаңы документтерди алып, анын «жаңы өмүр баяны» жазылган. Руслан Бошировдукуна салыштырмалуу Мишкиндин «жаңы өмүр баянында» анын чыныгы жашоосундагы көрүнүштөр көбүрөөк жазылган — ысымы, туулган жери жана ата-энесинин аты-жөнү өзгөртүлгөн эмес.

"Bellingcat" менен "The Insider" Мишкиндин тек-жайын ага таандык болгон көптөгөн булактардагы маалыматтардын негизинде аныкташканын билдиришти.

Британ бийлиги Скрипалды жана анын кызы Юлияны ууландырууга Александр Петров жана Руслан Боширов аттуу эки жаранды айыптап, алар Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын кызматкерлери экенин жарыялаган. Окуя быйыл мартта Англиянын Солсбери шаарында болгон.

Кийин «Петров» менен «Боширов» RT телеканалына берген интервьюсунда өздөрүн ишкер катары тааныштырышкан. Алар Солсбериге турист катары барганын билдиришкен.

Азырынча орус бийлиги басылмалардын бул маалыматтарына расмий реакциясын билдире элек. Иликтөөчүлөр Александр Мишкин тууралуу баяндаманын толук версиясын 9-сентябрда жарыяларын айтышкан.

XS
SM
MD
LG