Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 27-сентябрда парламентке келип, Бакиевдер жана алардын финансылык кеңешчиси Евгений Гуревич айткан сөздөргө байланыштуу баяндама жасады.
Депутат Элвира Сурабалдиева Лондон менен сүйлөшүп, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевди эстрадициялоону жандантууну сунуштады. Эл өкүлү бул ишке саясий эрк керектигин белгилеп, парламент буга жардам берерин айтты.
Дагы бир депутат Эмил Токтошев Беларус бийлиги менен сүйлөшүп, Курманбек Бакиевди алып келүү жагы кандай жүрүп жатканына кызыкты. Баш прокурор мында "саясий башпаанек" маселеси жолтоо болуп жатканын билдирди.
2005-жылы Кыргызстандын президенти болгон Курманбек Бакиев 2010-жылдагы ыңкылапта үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан. Уулу Максим Бакиев Британияда жүрөт.
Бакиевдин үй-бүлөсүнүн финансылык кеңешчиси катары саналган Евгений Гуревич 2010-жылы Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарылып кеткенин, ал аталган акчанын дайынын билерин, керек болсо тергөө органдары менен кызматташууга даяр экенин "Азаттыкка" берген маегинде билдирген.