Каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, мындай кадамга Кулматовдун 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганы аныкталганы негиз болгон:
- Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кубанычбек Кулматовдун мыйзамсыз паспорт алганы боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда Кулматов 1996-жылы негизсиз түрдө паспорт алган экен. Биз негизсиз түрдө алынган паспортту "жараксыз" деп тапсын деп Биринчи Май райондук сотуна кайрылдык.
Каттоо кызматынын Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча арызын Биринчи Май райондук соту 25-сентябрда караганы жатат.
Ал эми буга чейин Кубанычбек Кулматовго мыйзамсыз паспорт колдонгону үчүн кылмыш ишин козгогон Улуттук коопсуздук комитети жагдайга түшүндүрмө берди.
Ал тараткан маалыматка ылайык, Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында СССРдин жараны экенин тастыктаган паспортту жоготконуна байланыштуу Орусиянын паспортун алган.
Бул паспортту 2008-жылы, 45 жашка чыкканда жаңы үлгүдөгү документке алмаштырган.
Ал учурда Кубанычбек Кулматов Кыргызстанда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп турган.
УКМКнын маалыматына караганда, орус паспортун алгандан бир жыл өтпөй, 1996-жылы Кулматов жоготуп алдым деген СССРдин паспортун көрсөтүп, кыргыз паспортун алган жана кийин аны үч жолу жаңылаган.
Атайын кызмат Кулматов Орусиянын жараны болуп туруп Кыргызстандын паспортун алган деп шек санап жатат.
УКМК мыйзам боюнча башка өлкөнүн жарандары кыргыз жарандыгын алгысы келсе өлкө башчысына жеке арыз менен кайрылышы керектигин, Кулматовдон андай арыз түшпөгөнүн кошумчалады.
Эми бул ишти негиз катары көрсөтүп, Каттоо кызматы Бишкектин экс-мэрине таандык Кыргызстандын паспортун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылды.
Бирок Кубанычбек Кулматовдун тарапкерлери аны кыргыз паспортунан ажыратуу аракетин мыйзамсыз кадам катары сыпаттады.
Абактагы саясатчынын адвокаты Сергей Слесарев мындай жол менен Кулматовду жарандыктан ажыратууга аракет кылып жатышат деген пикирде:
- Алардын эмнеге таянып мындай арыз берип жатканын түшүнүү кыйын. Себеби, Мамлекеттик каттоо кызматынын арызы Жарандык-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык келбейт. Алардын пикири боюнча, Кулматов 1996-жылы негизсиз түрдө паспорт алган экен. Бирок Кубанычбек Кулматов 1996-жылга чейин деле Кыргызстандын жараны болгон. Ал киши бул өлкөдө туулган, жашаган жана Кыргыз ССРинде паспорт алган. Кыргыз ССРи деген бул учурдагы Кыргызстан. Анан кантип негизсиз түрдө паспорт алган болуп калат? Бул акылга сыйбаган иш болуп жатат. Булардын максаты эмне? Менин пикиримде, алар алгач паспортту мыйзамсыз деп таап, андан соң "Кулматовду Кыргызстандын жараны болгон эмес" деп жарыялоону көздөп жатышат.
Чынында эле коомчулукта сот Кулматовдун паспортун мыйзамсыз деп тапса, анын жарандыгы эмне болот деген суроо кызыгуу жаратууда.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова Кулматовдун жарандыгын ажыратууга негиз жок экенин айтууда:
- Бул жерде түшүнүксүз болуп жатат. Себеби, Кулматовду жарандыктан ажыратуу жөнүндө маселе да болушу мүмкүн эмес. Негизи жарандыктан ажыратуу деген түшүнүк 2016-жылы болгон референдумдун жыйынтыгында өзгөртүлгөн Конституцияга киргизилди. Бирок ал үчүн атайын мыйзам иштелип чыгышы керек болчу. Андай мыйзам кабыл алына элек. Ошондуктан, жаран өз ыктыяры менен гана жарандыктан баш тартпаса, мамлекет аны жарандыктан ажырата албайт.
Ошол эле кезде 55 жаштагы Кубанычбек Кулматов акыркы жылдары бир нече жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеген. Ал Бажы кызматына эки ирет төрага, Чүй облусуна губернатор, Бишкектин мэри болду. Андан соң Улуттук банкты, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун башкарды.
Андай болсо бакандай кызматтарды 22 жылдан бери башка өлкөнүн жараны жетектеп келгенби деген суроо жаралат.
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев бул маселеде Кулматовду күнөөлөөдөн мурда буга чейин текшербей келген мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин кароо керек деген пикирде:
- Ушунча жылдан бери Кулматовдун Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөнү билинбей, эми камалгандан кийин эле ачыкка чыгып отурабы? Аны ишке дайындап жатканда кайда карап жүрүштү эле? Буга чейин деле Орусиянын паспорту бар дегенде аны четке кагып келишпедиби. Ал учурда тиешелүү органдар эмнеге текшерген эмес? Эгер чын эле Кыргызстандын жараны болбой калса, анда ага козголгон кылмыш иши эмне болот? Аны да Орусия менен кеңешүү керекпи? Мына ушул суроолордун баарын комплекстүү түрдө караш керек.
Кубанычбек Кулматов быйыл июнь айында камакка алынган. Ал учурда УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат.
Башкы прокуратура Кулматовго 2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар деген айып таккан.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Кулматовдун тарапкерлери саясий негизде куугунтук жүрүп жатканын айтып келет.
Тергөө абагындагы Кубанычбек Кулматов менен жакындары жолуга албай жатканы боюнча маселе ушул аптада парламентте көтөрүлгөн.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.