Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке төртүнчү ирет суракка келген мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бул ирет күтүүсүздөн чакырылганын журналисттерден жашырган эмес. Ал учурдагы укуктук макамына байланыштуу суракка келүүгө милдеттүү экенин белгилеген.
- 1,5 саат мурун чакырышты. Менин статусум азыр ушундай, сөзсүз түрдө мыйзамды сыйлашым керек.
Исаков өзүн камакка алуу боюнча тергөө органдары чечим кабыл аларын белгилеп, бул ирет мындай коркунуч бар-жок экенин тактаган эмес.
Андан бир саат мурун эле кытайлык ТВЕА компаниясы боюнча ачылган дагы бир кылмыш иштин алкагында айып тагылган Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов УКМКга кирип кеткен эле.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрү саналган бул эки мурдагы жетекчи суракка чакырылгандан кийин эки саат өтпөй эле баш коргоо чарасын кароо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилгени белгилүү болду.
Алгач болуп Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы каралып, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев мурдагы премьерди эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Аны дароо УКМКнын тергөө абагына алып кетишти. Сапар Исаков сот чечимин "толугу менен акыйкатсыз" деп атап, нааразылыгын жашырган жок.
Мурдагы өкмөт башчынын адвокаты Учкун Каримовдун айтымында, "Исаков тергөөнүн жүрүшүнө басым жасашы мүмкүн" деген жүйө менен анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн:
- Баш коргоо чарасын эч жакка кетпөөдөн эки айга камакка алуу менен өзгөртүштү. "Исаков тергөөгө каршылык кылышы мүмкүн" деп, ошондой эле оор кылмышка айыпталып жатканын жүйө келтирип, анын бөгөт чарасын камакка алууга алмаштырышты.
Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланган деп 29-майда Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү ага айыбы угузулуп, "эч жакка чыкпоо" жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилген. Сапар Исаков өзүнө козголгон кылмыш ишин “чектен чыгуу” катары баалаган.
17-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, 386 млн. доллар кытай насыясынын максатсыз сарпталышына байланыштуу айрым аткаминерлерге укуктук баа берүү боюнча токтом кабыл алган. Ал токтомдо ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаковго укуктук баа берүү боюнча өзүнчө пункт бар болчу.
41 жаштагы Сапар Исаков - экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Атамбаев өлкө башында кезде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, аппараттын жетекчиси болуп, 2017-жылы премьер-министрликти аркалаган.
Быйыл экс-президент менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун мамилеси бузулган соң Исаковду парламент ишеним көрсөтпөө жолу менен өкмөт башчылыктан кетирген.
Кулматовдун камалышы
Исаковду камагандан эки саат өтпөй ушул эле Биринчи Май райондук сотунда Бишкектин мурдагы мэри жана Бажы кызматынын экс-башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралды. Анын ишин да судья Абдразак Боромбаев карап, экс-мэрди тергөө бүткөнчө, тактап айтканда 28-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Эки колун кишендеп, УКМКнын тергөө абагына алып жөнөшкөн Кулматов мындай чечимди сот эмес эле, "опуза сот" деп сыпаттады. Ал эми анын адвокаты Сергей Слесарев болсо тергөөчүлөр Кубанычбек Кулматов буга чейин Орусиянын жарандыгын алган маалыматты жүйө келтирип, "ал өлкөдөн качып кетиши мүмкүн" деп камакка алууну суранганын маалымдады:
- Соттун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз жок болчу. Муну мен ачык жана жоопкерчиликтүү айта алам. Ага негиз катары УКМКнын башкармалыктарынын биринин рапортун карашыптыр. Рапортто Кулматовдо Орусиянын паспорту бар деген маалымат айтылыптыр. Буга шилтеме катары 1995-жылдагы датаны көрсөтүшкөн экен. Бул териштирүүнүн баары бүтүп, Орусиянын соту "Кулматов бул өлкөнүн жараны эмес жана болгон да эмес" деген жыйынтык чыгарган. Ушуну жүйө келтирип, тергөө органдары Кулматов мырза Кыргызстандын аймагынан чыгып кетиши мүмкүн деп шектенип жатат. Юрист катары мага бул таптакыр түшүнүксүз.
Кулматовго 18-майда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган, үйү тинтүүгө алынып, мүлкү камакка алынган. Ал буга чейин да УКМКга бир нече жолу суракка чакырылган.
Тергөө Кулматов 2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экенин маалымдаган. Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эместигин айтып келген эле.
Ошентип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын эки санаалашы бир күндө камакка алынды. Муну саясат таануучулар экс-президентке “оор сокку” катары баалашты. Бирок эксперт, профессор Алмазбек Акматалиев муну президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүнүн алкагындагы кадыресе иш катары атады:
- Бул камоолордун коомдук-саясий абалга эч кандай таасири тийбейт. Экс-президент менен учурдагы президенттин ортосундагы байланыш жиптери эчак эле үзүлгөн. Жээнбеков үчүн өз алдынча президент болуудан башка жол жок. Президент учурда методикалык жол менен өзүнүн айткандарын ишке ашырып жатат. Мында эч кандай коркунучтуу нерсе жок. Исаковдон салмактуу саясатчылар деле буга чейин камакка алынып келбеди беле.
Ал эми Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жураевдин пикиринде, бул иште абдан көп адамдардын аты аталып жаткан чакта тергөө тыкыр иш алпарышы керек:
- Чынында Сапар Исаков күнөөлөнүп жаткан Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кылмыш иште маалымат жактан бир катар кемчиликтер бар. Коррупция чоң өлчөмдө болгону тууралуу сөз айтылганы менен качан, кайсы стадияда тиешеси бар экени же жоктугу айкын түрдө көрүнгөн жок. Балким, тергөөнүн калың журтка билинбеген маалыматы бардыр. Дагы бир кызык жагдай, Исаковго жакында айып тагылган соң үй камакка алынган эле. Аны эмне себептен өзгөртүп, камакка алуу керек эле деген да суроонун жообу жок болуп жатат.
Ал ортодо 5-июнда УКМКга суракка чакырылган дагы бир КСДПнын мүчөсү, мурдагы энергетика министри жана учурдагы парламент депутаты Осмонбек Артыкбаевге кылмыш иши козголду.
Башкы прокуратура Артыкбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмышка шектүү катары кароодо.
Артыкбаев да 2013-жылы энергетика министри болуп турган кезде ТВЕА компаниясы менен Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу «EPC» эл аралык стандарты боюнча Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзгөн деп айыпталууда.