КСДП өкүлү шаардык кеңешти жетектейт
20-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши төрага шайлады. Добуш берүүгө катышкан 41 депутаттын 40ы шайлоого көрсөтүлгөн жалгыз талапкер - КСДП фракциясынын 29 жаштагы өкүлү Жаныбек Абировго макул болушту. Абировду жаңы түзүлгөн коалиция сунуштады. Башаруучу коалицияга КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” кирди. Ал эми “Кыргызстан” фракциясы азчылыкта калды.