Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Ирак: суннит саясатчы парламенттин төрагасы болду


Ирак парламентинин жаңы төрагасы Мухаммед ал-Халбуси.
Ирак парламентинин жаңы төрагасы Мухаммед ал-Халбуси.

Ирак парламенти 15-сентябрда төрагалыкка 37 жаштагы Мухаммед ал-Халбусини шайлады. Парламент башчысынын аныкталышы Ирак бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдөн соң өкмөт курууга жакындай баштады дегенди билдирет. Эми жаңы өкмөттү түзүү боюнча 90 күнгө чейинки мөөнөт берилген расмий жараян башталат.

Ирак парламентинин тарыхындагы эң жаш төрага Мухаммед ал-Халбуси өлкөдө азчылыкты түзгөн суннит жамаатынын өкүлү. Анын талапкерлигин мурдагы согушкерлердин бейрасмий аскерий тобунун коалициясы жана Иранга жан тарткан Хади ал-Амери альянсы колдогон.

Быйыл майда өткөн парламенттик шайлоодо бул альянс экинчи орунду, азыркы премьер-министр Хайдар ал-Абадинин коалициясы үчүнчү орунду алган. Ал эми биринчи орунду шиит диниятчысы Муктада ал-Садрдын саясий блогу ээлеген. Эми Ирак парламенти өлкөнүн жаңы президентин шайлап, эң ири саясий күчтүн лидерине жаңы өкмөттү куроо мандатын бериши керек.

Диний араздашууга, атаандаш саясий тайпалардын тирешүүсүнө жол бербөө аракетинде Иракта соңку жылдары калыптанган саясий салт боюнча парламент төрагасынын кызмат орду сунниттерге, премьердики шииттерге, президенттик орун күрттөргө берилип жүрөт. ( UE)

XS
SM
MD
LG