Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

АКШда бороондон улам жүз миңдеген адам эвакуацияланып жатат


АКШнын түштүк-чыгышындагы чоң жолдордо бороондон качып бараткан адамдардын автоунааларынын чоң тыгыны жаралды. Бул чөлкөмдөн элди эвакуациялоо 11-сентябрда башталган.

"Флоренс" бороону Түндүк жана Түштүк Каролинага 13-сентябрда жетип келери маалымдалган.

Адистер бул бороонду аймактагы ондогон жылдар ичиндеги эң кубаттуусу деп баалап жатышат.

Бороондор боюнча улуттук борбордун директору Кен Грэхем “мен мындан чындап кооптонуп турам” деди.

Кубаттуу бороон жээктеги аймактарга гана зыян келтирбестен, нөшөр жаандан кийин суунун деңгээли АКШнын ортоңку Атлантика аймагында 60 сантиметрге чейин жетиши мүмкүн деп болжолдонууда.

Бороондун ылдамдыгы 11-сентябрда саатына 225 километрге жеткен Каролина жана Виржиния штаттарынан автожолдор аркылуу 1 миллион 700 миң адам эвакуация кылынышы кажет.

XS
SM
MD
LG