Борбордук кеңсеси Нидерланддын Гаага шаарында жайгашкан Эл аралык кылмыш соту түзүлгөндөн бери шектенип, анын глобалдык юрисдикциясынан күмөн санап келген Кошмо Штаттар азыр ага кеминде эки жагдайдан улам нааразы болууда.
Биринчиси - соттун Ооганстанда АКШнын аскер кызматчылары жасады делген аскерий кылмыштарды иликтөө ниети.
Экинчиси - Палестина лидерлеринин Израилдин бийлик адамдарын Эл аралык Кылмыш соту аркылуу жоопко тартуу мүдөөсү:
- АКШ өз жарандарын жана өнөктөштөрүн бул мыйзамсыз соттун адилетсиз куугунтугунан коргоо үчүн зарыл ыкмалардын баарын колдонот. Биз Эл аралык кылмыш соту менен кызматташпайбыз, ага жардам бербейбиз, ага кошулбай турганыбыз да анык. Акыр-аягында, Эл аралык Кылмыш соту биз үчүн өлүк нерсе - деди Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон 10-сентябрда Вашингтондон сүйлөгөн учурунда.
Анын сөздөрүнө караганда, эгер сот АКШнын аскер кызматчылары Ооганстанда жасады делген согуш кылмыштары боюнча иликтөө жараянын расмий баштаса, Трамптын администрациясы катаал жооп чараларга барат. Атап айтканда Кошмо Штаттар Гаагадагы соттун судьялары менен тергөөчүлөрүнүн өлкөгө киргизбейт, алардын америкалык каржылык системадагы каражаттарына санкция салат, өздөрүнүн ишин америкалык соттордо карайт.
Эл аралык Кылмыш сотунун прокурору АКШнын аскер кызматчылары Ооганстанда жасады делген согуш кылмыштары, өзгөчө камактагылардын укугун бузганы боюнча иликтөө баштоону былтыр ноябрда өтүнгөн болчу. Бирок сот бул жараянды азырынча расмий баштай элек.
“Ассошейтед Пресс” агенттигинин жазганына караганда, АКШнын өзүндө "Жарандык эркиндиктер боюнча Америка союзу" уюму Ооганстанда 2003-2008-жылы кармалып, кыйноого алынгам деп ырастаган бир нече адамдын өкүлү катары чыгып жатат. Ошол адамдар Эл аралык Кылмыш соту мерчемдеген иликтөөгө күбө же жабырлануучу катары тартылышы мүмкүн.
Бул арада Гаагадагы сот АКШнын бийлик адамынын сөздөрүнө жооп кылып, анын иши "мыйзам үстөмдүгүнүн жалпы идеясына ылайык өзгөрүүсүз улантыла берерин" белгиледи. Ага катар дүйнөнүн 123 мамлекети колдогон көз карандысыз жана бейтарап институт экенин эске салды.
Эл аралык кылмыш соту 2000-жылдардын башында түзүлгөн. Соттун милдет-максаты - аскерий кылмыш, адамзатка каршы кылмыш жасагандарды, геноцидге баргандарды жоопкерчиликке тартуу.
Кошмо Штаттар алгач 2000-жылы, ошол кездеги президент Билл Клинтондун тушунда сотту түзүү келишимине анын юрисдикциясы боюнча олуттуу эскертүүлөр менен кол койгон. Бирок кийин 2002-жылы ал учурдагы президент Жорж Буштун администрация келишимди ратификацияга берүүдөн биротоло баш тарткан, ошондой эле АКШнын аскер кызматчыларын Эл аралык Кылмыш сотунун ыктымал чарасынан коргоону караган мыйзам кабыл алынуусуна да жетишкен.
Президент Буштун экинчи мөөнөтүндө Вашингтон Эл аралык Кылмыш сотуна Судандын Дарфур аймагындагы окуяларды иликтөөсүнө чектелген жардам көргөзгөн. Андан соң президент Барак Обаманын тушунда АКШ администрациясы менен Гаагадагы соттун ортосунда кызматташтык бир аз кеңейип, Вашингтон ага Угандадагы кылмыштарды иликтөөсүнө колдоо көргөзгөн.
Азыр болсо “Ассошейтед Пресс” агенттиги белгилегендей, Кошмо Штаттардын Эл аралык Кылмыш соту менен узактан берки камыр-жумур эмес карым-катышы президент Дональд Трамптын администрациясы тушунда токтогону турат.