Чуулгандуу иштин аягына жетүүгө Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жетеби? Өлкөдөн акча, башка баалуу каражаттарды чыгарып кетүүнүн чараларын кантип күчөтүү керек?
“Арай көз чарай” талкуусуна мурдагы баш прокурору Байтемир Ибраев жана коопсуздук маселелери боюнча эксперт Максат Мамытканов катышты.
“Азаттык”: Байтемир мырза, мурдагы президент Бакиевдин уулу Максим менен санаалаш болуп жүргөн Гуревич АКШда туруп Бакиевдерге байланыштуу жаңы маалыматтарды "Азаттыкка" айтты. Ага таянып жаңы кылмыш иштерин козгоого болобу? Сыртка чыккан акчаны кайтарууга мүмкүнчүлүк барбы? Бул суроолор коомчулуктун талкуусунда турат же "убакыт өттү" деп убара болуунун кажети жокпу?
Байтемир Ибраев: Гуревичтин айткандарын мен дагы окуп чыктым. Ал айтып жаткан маселелер боюнча 2010-жылы эле кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө көп суроолор териштирилген, аныкталган.
Гуревич айтып жаткан 200-300 миллион доллар 7-апрелге чейин эле “АзиаУниверсалБанк” аркылуу чыгарыла баштаган. Бул тууралуу маалыматтар Башкы прокуратурада, башка органдарда да бар. Эми ошол чыгарылып кеткен акчаны сегиз жыл өткөндөн кийин Кыргызстанга кайра кайтарууга мүмкүнчүлүк барбы? Бул өтө оор маселе. Бирок ага карабай аракеттерди көрүү керек.
Убагында таланган, тонолгон акча боюнча маселелерди саясатташтырып келишти. Тергөөнү мыкты жүргүзгөн кызматкерлердин үстүнөн кылмыш ишин козгошуп, айрымдары камалып да чыгышты, дагы көптөрү куугунтукка кабылды. Ошонун айынан да иштер солгундап кетти. Менден кийинки келген прокурорлор башка маселелер менен алек болушту окшойт. Ошентип отуруп убакытты өткөрүп жибердик.
“Азаттык”: Максат мырза, Гуревичтин маалыматына таянсак Бакиевдер 250-300 миллион долларды 2010-жылдын 7-апрелине чейин чыгарып кетишкен экен. Тиешелүү мамлекеттик органдар мынчалык суммадагы акчанын сыртка чыгып жатышын көзөмөлдөй алат беле?
Максат Мамытканов: Бул акчаны Бакиевдер бийликте турган беш жыл аралыгында, 7-апрелге чейин чыгарылып кеткенин Гуревич өзү айтып жатат. Бул бир-эки күндүк жумуш эмес болчу. Ошол акча кайдан топтолгон, кайдан табылган деген суроо туулат. Анткени “Бакиевдер мени же бизди тоноду, акчамды алды” деген органдарга арыз болгон эмес.
Бул акча биздин экономикабызды көзөмөлдөп турган Максим Бакиевге ошол кезде Кыргызстанда иштеп жаткан негизги, ири ишкана-компаниялардан коррупциялык жолдор менен түшүп турган. Улам чогулганын банктар аркылуу сыртка чыгарып кетчү, Гуревич айтып жаткан ошол акча.
“Азаттык”: Биздин ошол учурдагы бийлик, каржылык чалгындоо кызматы акчанын дагы башка жактардан чыкканын иликтеп, банктардын жоопкерчилигин сураса болот беле?
Максат Мамытканов: Биздин мыйзамдарда "мамлекеттик органдар банктарга көзөмөл жүргүзө алат, банктар да аларга тиешелүү маалыматтар бериши керек" деп жазылган. Бирок алардын жетекчилери кимдер эле? Максим Бакиев койгон кишилер отурса кантип көзөмөлдөйт? Ошондой схемалар аркылуу чоң пайда көрүп турушкан. Ал схемаларды аткаруу бир кишинин колуна келбейт, чогуу жасашкан.
Бизде либералдуу финансы системасы болсун деп Акаев түптөп кеткен. Ошонун негизинде Кыргызстандын мыйзамдары салыкты аз төлөп, же качууга, көзөмөлдүү азайтууга шарт түзөт. Кыргызстанда салык төлөбөгөндөрдүн жазасы жеңил. Шылуундар ушунун баарынан пайдаланышып, мыйзамсыз тапкан акчаны чет жерлердеги офшордук компанияларга чыгарып кетүүдө.
“Азаттык”: Байтемир мырза, Гуревич “Азаттыкка” курган маегинде Бакиевдер чыгарып кеткен миллиондогон каражаттар боюнча Кыргызстандын прокуратурасы менен кызматташууга даяр экендигин билдиргенине карабай, алар байланышкан жок деп жатат. Буга эмне себеп болгон деп ойлойсуз? Ошол учурдагы жогорку бийликтин каалоосу болгон эмеспи же Бакиевдер прокурордун "оозун майлап" койгонбу?
Байтемир Ибраев: Мен андай ойлордон алысмын. Гуревич айтып жаткан чыгарылып кеткен акчаны тергөө органдары толугу менен аныктаган. Ошонун негизинде Максим, Гуревич да сыртынан 25 жылга соттолушкан. Мындан сегиз жыл мурда эле белгилүү болгон фактыларды Гуревич эмне үчун кайра жарыялап жатат - мына ушунун тегерегинде ойлонуш керек.
Менин оюмча, Гуревич бул маалыматтарды эки максат менен айтып жатат. Биринчиси - “мен ушул маалыматтарды айтсам Кыргызстандын соттору жаза мөөнөтүн жеңилдетеби” деп ойлоп жатышы мүмкүн. Экинчиси - азыр Гуревичте акча жок, абдан кыйналып жатат, Максим жөн эле акча бербейт. "Ушинтип маалымат айтып койсом Максим акча береби" деп үмүттөнүп жатышы ыктымал…
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)