Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өттү


Улан Саляновдун үйү.
Улан Саляновдун үйү.

Бишкектин четинде киши колдуу болгон Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өттү. Алгачкы жараян 6-сентябрга белгиленди. Бул тууралуу маркумдун жубайы Лариса Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирип, кылмыш ишин иликтөө үстүртөн жүргүзүлгөн деген пикирин айтты.

Ички иштер министрлиги тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек. Кылмышка шектүү катары үч жарандын аты аталууда. Алардын экөө кармалып, бирине издөө жарыяланган.

Парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын бир тууган иниси, 42 жаштагы Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

Окуядан кийин Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы кылмышты Аида Салянованын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, анын саясий жагын иликтөөнү талап кылышкан. Милиция кылмышта эч кандай саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG