Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Атайын долбоор: Сирияга азгырган себептер


Атайын долбоор: Сирияга азгырган себептер
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:49 0:00

Сирияга кеткен кыргызстандыктардын үчтөн бири Араван районунун тургундары болгон. Эмнеге? Эми алар кайтып келе алабы? Жакындары эмне болду? Аравандыктар согушка кеткен коңшу-туугандарынын маселесин ачык талкуулашты.

"Биздин атыбыздан эмес" - Борбор Азиядагы биринчи антитеррордук долбоор. Биздин максат – "элдин атынан иш кылып жатабыз" деген экстремист-азгыруучулардын торуна адамдардын түшүп калышынын алдын алуу. Биз бир катар облустарда болуп, жергиликтүү тургундар кантип аймактык жана мамлекеттик деңгээлде зордук-зомбулуктун жана экстремизмдин жайылышына каршы туруу үчүн өз ара чогулуп жатышканына күбө болдук.

Биздин бул уникалдуу долбоордо Сирияга жана Иракка кеткен жакындарын жоготкон адамдардын видео портреттери топтолду. Ал видеолорду Кыргызстандагы, Казакстандагы жана Тажикстандагы жаштарга көрсөтүп, алардын буга көз карашын жана тажрыйбасын айтып берүүнү сурандык.

Ар бир өлкөдө биз азгыруучулардын таасирине түздөн-түз кабылган адамдар менен жарым сааттык жолугушууларды баштайбыз. Андан кийин буга кабылбаган адамдар келет. Үчүнчү программада бардык катышуучулар өз тажрыйбасын бөлүшүү жана бири-биринен ар кандай нерселерди үйрөнүү үчүн чогулушат. Акыркы жыйынтыктоочу берүүгө үч өлкөдөн келген коноктор катышат.

Борбор Азиянын тургундары экстремисттик топтордун басымына кабылып келе жатат, бирок алар буга коомдук жана мамлекеттик деңгээлде чечкиндүү каршы турууга даяр. Акыркы маалыматтар боюнча Жакынкы Чыгыштын кайсы гана мамлекетине салыштырбайлы, Иракка жана Сирияга мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттерден көп киши кеткен экен. Маалыматтарга ылайык, эч кандай маданий жана тилдик байланышы болбой туруп, 4200 борбор азиялык Ирак менен Сирияга барып калган. Борбор Азиянын жашоочулары мунун кесепетин дагы көп жылдар көрөт, анткени аймакка согуштун жана экстремисттик идеологиянын азабын тарткандар кайтып келип жатат.

Он чакты жолугушуудан кийин программага Өзбекстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан катышкан адамдар “жөнөкөй жооп болбойт” деген жыйынтыкка келишти.

Долбоордо алар замандын чакырыктарын, күчтүү коом куруш үчүн эмне керек экенин улам терең түшүнө баштаганы, "Бул биздин атыбыздан" эмес деген сөздөр менен өз таламын талаша алаары көрсөтүлгөн.
  • "Биздин атыбыздан эмес" долбоорунун катышуучулары өз аймактарында азгыруучулардын чырагына май тамызып жаткан социалдык маселелер чечилбеген бойдон калып жатканына тынчсызданышууда.
  • Борбор азиялык согушкерлер жана алардын бүлөлөрү үйлөрүнө кайтып келүүдө. Ал эми өзүн “Ислам мамлекети” атап алган сыяктуу согушкер топтор коомдун кайсы бир катмарынан колдоо табууда. Долбоордун катышуучулары бул коомду бөлүп-жарып, зордук-зомбулуктун чыгышына себеп болобу деп чочулайт.
  • "Биздин атыбыздан эмес" долбоору боюнча иштеп жатып, биз Казакстанда Жезказган менен Алматыда, Кыргызстанда Араван менен Бишкекте, Тажикстандан Хатлон облусунда жана Дүйшөмбүдө болуп кайттык.

Бишкектен тартылган жыйынтыктоочу бир сааттык программада үч өлкөнүн алты шаарынан келген катышуучулар долбоордон эмне пайда алышканын талкуулашат жана өз аймактарында маселени чечүүнүн жолдорун издешет.
XS
SM
MD
LG