Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Эрдоган Америкадан да, Орусиядан да курал алгысы келет


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркия америкалык да, орусиялык да өндүрүштөн чыккан куралдарды сатып алууга кызыкдар болууда. 31-августта Балыкесир шаарындагы аскер академиясынын курсанттарынын бүтүрүү кечесине барган президент Режеп Тайып Эрдоган заманбап курал жана техникаларга зарыгып турушканын айтканы менен аларды кайсы максатта колдонушарын тактаган жок.

- Түркия С-400 ракетасына муктаж. Кудайга шүгүр, анын маселеси бүттү. Эң жакын арада алабыз. Түркияга программалык өнөктөшү болгон F-35 аскер учактары да керек, – деди Эрдоган.

С-400 Орусия чыгарган ракета системасы. Өткөн жылы андан төрттү сатып алыш үчүн Түркия 2,5 млрд. долларлык келишимге жетишкен. Вашингтон Анкарага бул пландан баш тартпаса, АКШ бомба таштоочу жана ок атуучу F-35 учактарын сатпай коюшу мүмкүн экенин эскерткен.

НАТОнун мүчөсү эсептелген Түркия орус курал же аскер техникаларын алса, АКШ Орусиянын коргонуу секторуна каршы киргизген санкцияларга кабылышы мүмкүн.

Ал эми Түркиянын коргоо министри Нуреттин Жаникли АКШнын С-400 системасын сатып алуудан баш тартуу талабын “шантаж” деп атаган.

XS
SM
MD
LG