Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын келерки айлампасын Түркия өткөрүшү мүмкүн


II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Иллюстрациялык сүрөт.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Түркияга өткөрүп берүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын өкүлдөрү кабарлашты.

Анда айтылгандай, бул маселе Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында каралат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдон сырткары бир нече өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары катышат деп күтүлүүдө. Алар: Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Орус Федерациясынын Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов жана Бириккен Араб Эмираттарынын Фужейра эмиратынын мураскер ханзадасы шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль-Шарки.

Оюндар 8-сентябрга чейин уланат.

2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин Кыргызстан оюндардын кезегин Түркияга өткөрүп бере турганы айтылган. Ошо кездеги президент Алмазбек Атамбаев бул өлкөнүн дарегине карата бир катар сөздөрдү айткандан кийин, кайра бул өлкө оюнду өткөрүүдөн баш тартып койгону кабарланган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG