Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер кайра жарыяланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик сатып алуу департаменти “Коопсуз шаар" долбоору боюнча онлайн-аукциондун үзгүлтүккө учураганы туурасында түшүндүрмө берди. Мекеменин директору Улан Өзүмбеков бул катачылык эмес экенин жана сырттан кийлигишүү болбогонун Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында айтты:

- Бүгүнкү күнгө чейин биздин портал аркылуу 318 сынак өткөрүлгөн. Ошонун ичинде 1119 лот бар болчу. Башкача айтканда сынактар “бааларды төмөндөтүү ыкмасы” менен өткөрүлөт. Бул ыкма өзү автоматтык түрдө иштейт жана ага эч ким кирише албайт. Мыйзам чегинде бардык тендерге кеминде үч компания катышууга тийиш болсо “Коопсуз шаар” боюнча тендерге үч компания катышкан. Алардын бири “Мегалайн” компаниясынын суммасы тендерде көрсөтүлгөн суммадан көп болуп көрсөтүлгөн. Муну автоматтык система тендерди бузуу аракети катары эсептеп, ошолордун суммасын гана ачыкка чыгарып койгон. Система калган эки фирма сунуш кылган сумманы көрсөтпөй, алардыкын купуя түрдө сактаган. Натыйжада тендердин катышуучулары экөө эле болуп калып жатканы үчүн, аукцион аягына чыккан жок, - деди ал.

Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемиров жеңүүчү аныкталбай калганы үчүн тендер кайрадан өткөрүлөрүн билдирди. Ал тендер кайсы күнү жарыяланарын так айткан жок.

23-августта "Коопсуз шаар" долбоору боюнча аукционду өткөрүп жаткан Мамлекеттик сатып алуу порталынын онлайн системасы бузулуп, тендер үзгүлтүккө учураган. Журналисттердин көз алдында система алгач аукциондун жыйынтыгын чыгарып, 50,5 млрд. сом сунуш кылган "Мегалайн" фирмасын жеңүүчү деп таап койгон. Адистер бул жаңылыштык экенин айтып, анын себебин түшүндүрө алышкан эмес.

“Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга 2,5 млрд. сомго тендер жарыяланган.

Өкмөттүн коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу аракети бир нече жылдан бери аткарылбай келатат. Үч жолу сынак өткөрүлүп, Кытайдын жана Орусиянын компаниялары утканы айтылган, бирок иш андан ары ордунан жылбай, тараптар соттошуп киришкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG