Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Финансы полициясы: коррупция менен күрөштөн дагы 7 млн. сом түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 7 410 504 сом которду. Бул тууралуу кызматтын маалымат бөлүмү кабарлады.

Ушуну менен жемкорлордон өндүрүлгөн акча үчүн ачылган эсепке бул кызмат которгон сумма жалпы 150 787 732 сомду түздү.

Финансы министрлигинин 16-августтагы маалыматына ылайык, коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 345 млн. 63,5 миң сом түшкөн. Буга Финансы полициясынан сырткары Башкы прокуратура, ИИМ жана УКМК акча которушу керек.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтош үчүн эсеп ачууга буйрук берген. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бийлик мындай жол менен коррупция менен күрөштө ачык-айкындыкты камсыз кылууну көздөдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG