Пакистанда Имран Хан жетектеген жаңы өкмөттүн мүчөлөрү дүйшөмбү күнү Исламабадда ант берип, расмий ишке киришти. Жаңы өкмөткө 15 министр, беш кеңешчи кирет.
65 жаштагы крикет оюнчусу Хан 18-августта премьер-министр болуп шайланган. Ал 19-августтагы бир сааттык телекайрылуусунда экономиканы көтөрүүгө басып жасаарын, өкмөттүн ашыкча чыгымдарын азайтарын айтып, коррупцияга каршы күрөшүүгө убада берди. Ошондой эле премьер-министрге бөлүнгөн өкмөттүк автоунаалардын көбүн сатып, кызматчыларды азайтып, расмий резиденцияны университетке берерин да кошумчалады.
25-июлдагы парламенттик шайлоодо Хандын “Техрик-и-Инсаф” партиясы алдыга чыгып, коалиция түзүүгө мүмкүнчүлүк алган. Мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин партиясы шайлоодо добуштар бурмаланганын билдирип жатат.