Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Президентти кемсинтүүгө шектелген жаран кечирим сурады


Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көлдө эс алган учурунан тартылган сүрөт.
Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көлдө эс алган учурунан тартылган сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбековду кемсинтип сүйлөп, видеосу Интернетке тараган адамдын тек-жайы аныкталды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 17-августта социалдык тармактарда жайылган тасмада Улан аттуу жигит мамлекет башчынын кадыр-баркына доо кетирген сөздөрдү айткан. Ал маңзат колдонуу ыкмасын үйрөтүп, өлкөдө маңзат таратууга уруксат берүүнү талап кылган.

Видео тараган соң ички иштер органдарынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери ыкчам-иликтөө жүргүзүп, Ысык-Көлдүн Бостери кыштагындагы пансионаттан шектүүнү кармашкан. Ал Бишкектин 28 жаштагы тургуну Улан Азис уулу экени аныкталды.

Андан соң Интернетке Уландын президенттен кечирим сураган видеосу чыкты. Ал ката кетиргенин айтып, мамлекет башчыдан эч кимдин басымы жок эле кечирим сурап жатканын белгилейт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Улан психоневрологиялык диспансерде каттоодо турарын ата-энеси билдирген.

Ал кармалган учурда жанында 20 гр. маңзат чыкканына байланыштуу Ысык-Көл райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси ("Маңзат же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү") менен кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG