Канада Эр-Рияддын соңку дипломатиялык кадамдарына карабастан Сауд Арабиясында кармалган активисттерди бошотуу жөнүндө талабынан баш тартпай турганын билдирди. Бир күн мурда Сауд Арабиясы Оттавадагы элчисин артка чакыртып, Канадага Эр-Рияддагы элчисин өлкөдөн чыгарып кетүүгө 24 саат берген. Ошондой эле Сауд Арабиясынын бийлиги Канада менен соода жүргүзүүгө да чектөө киргизген.
"Канада ар дайым өлкөдөгү жана дүйнөдөгү адам укуктарын колдойт. Аялдардын укугу - бул адам укугу", - деп билдирди 6-августта Канаданын тышкы иштер министри Христя Фриланд.
Өткөн аптада Канаданын Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясында аялдардын укугу үчүн күрөшкөн жарандык активисттердин кармалышын сындап, аларды бошотууну талап кылган. Кармалгандардын арасында «Сауд Арабиясынын либералдары» деген сайттын негиздөөчүсү, блогер Раиф Бадавинин карындашы, укук коргоочу Самар да бар. Буга чейин Бадави исламды сындаганы үчүн 10 жылга эркинен ажыратылган.
Эр-Рияд Оттаванын бул кадамын "өлкөнүн ички ишине одоно кийлигишүү" деп мүнөздөп жатат.