Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Бишкекте активисттер мэр шайлоо жараянына нааразылык билдиришти


Нааразылык акциясына чыккан активисттер.
Нааразылык акциясына чыккан активисттер.

Бишкекте айрым жарандык активисттер чогулуп, мэр шайлоо жараянына каршы нааразылык билдиришти. 6-августта Өкмөт үйүнүн жанында уюштурулган акцияда калаа башчылыгына шаардык кеңештеги Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) фракциясы гана талапкер көрсөткөнүн сындашты. Уюштуруучу Канышай Мамыркулова иш-чара тууралуу "Азаттыкка" буларды айтты:

- Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары КСДП чыгарган эле талапкерге макулдук бере бербесин. Буга чейинки мэрлерди алар көрсөткөн. Айрым экс-мэрлерге кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Андан тышкары, Мамлекеттик тил комиссиясы кыргыз тилин мазактабасын. "Эл" жана "шаар" деген сөздү жаза албаган адамды "кыргыз тилин билет" деп кантип корутунду чыгарып беришти?

Активисттер шаардык кеңештеги бир катар фракциялардын аталышы жазылган сөлөкөттөрдү көтөрүп алышты. Эгер 8-августка чейин талаптары аткарылбаса, ал сөлөкөттөрдү өрттөөрүн билдиришти. Бишкектеги акцияны милиция көзөмөлдөп турду.

Ушул күнү жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров да Бишкек мэриясынын алдына пикетке чыгып, шаардын башчылыгына Азиз Суракматовдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүнө нааразылык билдирди. Ал илегендин бетине мэрди чоңдор тандабай, эл шайлашы керек экендиги тууралуу талапты жазып алды.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктап, Азиз Суракматовдун арызы кабыл алынган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет”деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды.

Шаардык кеңеште мэр шайлоо 8-августта өтөт.

XS
SM
MD
LG