Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Ооганстан: НАТОнун миссиясындагы үч чех аскер курман болду


Ооган армиясынын аскерлери, 5-август, 2018-жыл.
Ооган армиясынын аскерлери, 5-август, 2018-жыл.

Ооганстандын түндүгүндө жанкечтинин жардыруусунан НАТОнун миссиясында кызмат өтөгөн үч чех жоокер курман болду. Бул тууралуу чех армиясынын өкүлү билдирди. Америкалык аскер жана ооган армиясынын эки жоокери жарадар болду. Маалымат каражаттары жардырууга “Талибан” кыймылынын мүчөлөрү аралашканын жазып чыгышты.

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш курман болгондорду “баатыр” деп атап, жакындарына терң кайгыруу менен көңүл айтты.

Чех өкмөтү 2020-жылга чейин Ооганстандагы аскерлеринин санын 390го жеткирүүнү жакында эле макулдашкан. Ушул тапта НАТОнун миссиясында 230 чех аскери кызмат өтөт жатат.

Ооганстандагы НАТОнун операциясы 2014-жылы аяктаган. 2015-жылдан тарта эл аралык күчтөр согуш операцияларына эмес, ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырууга гана катышкан. Өткөн айда Брюсселде өткөн НАТОнун саммитинде Ооганстандагы бул миссиянын ишин 2924-жылга чейин узартуу макулдашылган.

Ооганстандан НАТОнун негизги контингенти чыгып кеткен соң өлкө ичинде жаңжалдар күчөдү. "Талибан” кыймылын радикалдык маанайдагы мүчөлөрү ооган жана чет элдик аскерлерге кол салууларды уюштуруп жатышат. Пентагон Орусияны ооган жергесиндеги "Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жок кылууга "көмөктөшүүдө" деген шылтоо менен "талибдерге курал-жарак берип, колдоп жатат" деп айтыптайт.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мындай айыптоону «суу кечпеген сөз» деп четке каккан.

XS
SM
MD
LG