Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Иранда полиция менен демонстранттар кагылышты


ИРНА агенттиги Ширазда митингчилер менен коопсуздук күчтөрү кагылыша кеткенин кабарлады.
ИРНА агенттиги Ширазда митингчилер менен коопсуздук күчтөрү кагылыша кеткенин кабарлады.

Ирандын бир катар жерлеринде экинчи күн катары менен нааразылык акциялары уланып жатат. Социалдык медиага чыккан маалыматтарга караганда, көчөлөргө агылган эл экономикалык каатчылыкка нааразылыгын билдирүүдө. Тегерандын четиндеги Караж шаарчасында тартылган видеолордун биринде диниятчылардын бийлигин төңкөрүү чакырыктары да жаңырып жатты. Бирок "Эркин Европа/Азаттык" радиосу видеонун чын-төгүнүн текшере алган жок.

Өкмөттүн карамагындагы гезиттердин бири Машад, Караж жана Шираз шаарларында, Тегерандагы аянтта "уруксат берилбеген акциялар" болгонун жазды.

Айрым демонстранттар “полицияга баш ийүүгө аргасыз болгону” маалымдалды. ИРНА агенттиги Ширазда митингчилер менен коопсуздук күчтөрү кагылыша кеткенин кабарлады. Канча киши жабыркаганы же камалганы тууралуу айтылган жок.

Би-би-си полиция элди жаш агызчу газ менен кууп таркатканын билдирди.

Инфляциянын өсүшү, улуттук акчанын арзандашынан улам пайда болгон экономикалык кыйынчылыктарга нааразы болгон эл Ирандын башка шаарларында да көчөлөргө чыкты. Апрелден бери улуттук валюта – риалдын долларга карата наркы 50 процентке түштү.

Май айында АКШ 2015-жылы түзүлгөн эл аралык ядролук келишимден чыгаарын жарыялап, Иранга каршы санкциялар кайра киргизилерин билдиргенден бери риалдын куну кескин түшө баштады.

XS
SM
MD
LG