Денис Тен - жарк эткен жылдыз
Казакстандык 12 жаштагы Нурали Бейсекожа маркум фигурист Денис Тенге арнап музыка жазды. Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан. Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медаль тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.
Чыгарылыштар
-
Май 08, 2025
Вэнс: Орусия "өтө көп нерсени" талап кылууда
-
Май 08, 2025
Жеңишке 80 жыл: Жаңы тарыхый фактылар жарыяланды
-
Май 07, 2025
Индия - Пакистан: Кашмирдеги кармаш