Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Бишкек: Мэрликке талапкерлерди каттоого документтер кабыл алына баштады


Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.
Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.

Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы борбор калаанын башчылыгына талапкерлерди катташ үчүн документтерди кабыл ала баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде, жеке ишканаларда жетекчи кызматтарда беш жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген кыргызстандык жаран Бишкек шаарынын мэри боло алат.

Талапкерлерди көрсөтүү укугуна Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциялар жана өлкөнүн премьер-министри укуктуу.

БШКнын чечими менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка белгиленген.

Быйыл 13-июлда Бишкек шаардык кеңеши мурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алып, премьер-министр аны кызматтан алган.

Ибраимов учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген шек менен 19-июлда кармалган. Ошол эле күнү Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, аны тергөө аяктаганча, 29-августка чейин камакка алган.

XS
SM
MD
LG