Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Кабулдагы жардыруу үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алды


Абдул Рашид Достум Кабулдун аэропортуна келген учур. 22-июль, 2018-жыл.
Абдул Рашид Достум Кабулдун аэропортуна келген учур. 22-июль, 2018-жыл.

Ооганстандын борбору Кабулдун аэропортундагы жардыруу үчүн өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топ жоопкерчилик алды. Уюм жанкечти Достумдун Ооганстанга кайтышын майрамдап жаткан жамаатты бутага алганын билдирди.

22-июлда Кабулдагы аба майданынын кире беришинде жарылуу болгон. Ооганстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, андан кеминде 14 киши өлүп, 50дөйү жаракат алды. Жанкечти бозгундан кайткан вице-президент Абдул Рашид Достумду тосуш үчүн чогулган жүздөгөн кишилер аба майданынан таркап кете баштаганда өзүн жардырган.

Аба майданынан чопкутталган автоунаа менен кеткен Достум "жабыркаган жок" деп анын өкүлү кабарлады. Ал Түркияда бир жылдан ашуун убакыт өз ыктыяры менен бозгунда жүргөн соң, Кабулга өз эрки менен кайтып келген. Ооганстандагы өзбек азчылыгынын лидери, таанымал колбашчы Достум 2017-жылы "саясий атаандашын уурдоого, уруп-сабоого, кыйноого, зордуктоого буйрук берди" деп айыпталган. Ушундан кийин Достум өлкөдөн чыгып кетип, Ооганстандын Башкы прокуратурасы ага каршы кылмыш ишин да ачкан эле. Ал өзү мындай айыптоолорду четке кагып, Ооганстандан чет мамлекетке чыгып кетишин саламаттыгына жана үй-бүлөлүк себептерге байланыштырган.

XS
SM
MD
LG