23-июлда саат 11:00дө "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинде журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү жыйыны өтөт.
Курч иликтөөлөрү менен таанылган журналист, "Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, кийин Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист кырсыктаган "Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн маалымдады. Окуяны министрлик көзөмөлүнө алды.
Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарындын Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тартып иштеп келе жаткан.
"Азаттыктын" жамааты Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Эскерүү жыйыны төмөнкү даректе болот: Бишкек шаары, Фурманов көчөсү, 12-үй - "Азаттык" радиосунун кеңсеси.