Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:00

Пакистанда жардыруудан курман болгондордун саны 130га жетти


Пакистанда шайлоо өнөктүгү маалында жасалган эки жардыруудан кеминде 133 адам мерт болуп, 230дон ашыгы жараат алды. Каза болгондор арасында парламент депутаттыгына ат салышып жаткан талапкерлер да бар.

Чабуулдар коррупцияга айыпталган өлкөнүн мурдагы премьер-министри Наваз Шариф жана кызы камакка алынып, өлкөдөгү кырдаал чыңалган учурга туш келди.

Пакистан полициясынын маалыматы боюнча Белужистан аймагынын борбору Кветтадагы жөө жүрүш маалында жанкечти өзүн жардырып жиберген. Жардыруудан 128 адам мүрт кетти. Алардын арасында 25-июлда өтчү шайлоого ат салышып жаткан Сираж Раисани да бар экени белгилүү болду.

Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Ислам мамлекети” террорчул тобу алды. Ага чейин дагы бир талапкер Акрам Хан Дурранини бутага алган жардырууда беш адам курман болуп, 30дан ашуун киши жаракат алган эле.

XS
SM
MD
LG