Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Асаддын күчтөрү Дераа шаарына бийлигин орнотту


Дераа шаарынын сыртындагы Сириянын президенти Башар Асаддын армиясынын талкаланган танкы, 19-сентябрь, 2017-жыл.
Дераа шаарынын сыртындагы Сириянын президенти Башар Асаддын армиясынын талкаланган танкы, 19-сентябрь, 2017-жыл.

Орусиянын жогорку даражадагы аскер делегациясы бейшембиде Дераа шаарынын козголоңчулар көзөмөлдүк кылган бөлүгүнө келишти. Алар шаарды Сириянын президенти Башар Асаддын бийлигине өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшүүлөргө барышкан.

"Рейтер" агенттиги күбөлөргө шилтеме берип билдиргендей, орус армиясынын офицерлери түшкөн чопкутталган техника шаардын талкаланган бөлүгүндөгү Ал-Шая районуна "Эркин Сирия армиясынын" жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө барды. Өткөн аптада жетишилген капитуляция боюнча келишимдин шарты боюнча козголоңчулар куралын тапшырып, шаардан чыгып кетишүүдө.

Орусиялык маалымат каражаттары орус тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысына таянып, Дамаск менен элдешүүгө көнгөн Дераа провинциясындагы куралдуу топтордун колунда "Батыш өлкөлөрүнөн чыккан көп курал-жабдык бардыгын" кабарлап жатышат.

XS
SM
MD
LG