Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Кыйноого айыпталгандар 2 млн. сомдон айып төлөмөк болду


Кыргызстандын милициясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын милициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы кармалгандарды кыйноого айыпталган үч милиция кызматкеринин (Иманалиев, Тажибаев жана Масиркулов) ар бирин мамлекетке 2 млн. 200 миң сом айыппул төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу соттук отурумга катышкан Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү кабарлашты.

Сот чечимине ылайык айыпталуучулар жабырлануучуга жалпысынан 154 миң 300 сом моралдык жана материалдык компенсация төлөшү керек.

Соттолуучулар сот залынан бошотулган. Милиция кызматкерлеринин үч жыл ичинде укук коргоо органдарында иштешине чек коюлду.

Акыйкатчы институту билдиргендей, облустук соттун бул чечимине соттолуучулар да, жабырлануучу да канааттанбай, жогорку инстанцияга арыз жазмак болушту. Иштин мындан башка жагдайлары ачык айтылган жок.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, былтыркы жылдын он айында 325 жаран кыйноого байланыштуу жардам сурап кайрылган. 2016-жылы Башкы прокуратурага кыйноого кабылгандардан 435 арыз келген. Алардын аз гана бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, сотко өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG