Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:11

Орусия: Тулада "кыргыз айылын" курууга тыюу салынууда


Клищино айылында үй салууга камынып жаткан кыргыздар.
Клищино айылында үй салууга камынып жаткан кыргыздар.

Орусиянын Тула облусунун Заокский районундагы Клищино айылында Кыргызстандан барган 427 түтүн эл жер үлүштөрүнөн ажыраганы турат.

Заокский районунун депутаттар кеңеши июлдун башында 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарбалык керектөөгө аныктаган.

- Төрт жүздөй кыргызстандык - жарымы Орусиянын жарандары, калганы кыргыз жарандары - ушул жакта жер үлүшүн сатып алып, каттоого туруп, кырктай үй салып коюшкан. Эми күтүүсүздөн бул аймакка отурукташууга тыюу салынаары айтылууда, - деп маалымдады ал жактан үй алган активисттердин бири Баарикан Айылчиева "Азаттыкка".

Орусияда жеке менчигинен ажыраганы турган кыргызстандыктар орусиялык маалымат каражаттарында «Тулада кыргыз анклавы курулуп жатат» деген макалалар чыккандан кийин жергиликтүү бийлик ушундай чара көргөнүн айтышууда. Алардын турак жайларын каттоого алуудан Росрегистр да баш тарткан. (Lzt)

XS
SM
MD
LG