Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Ысык-Көлдө аскердик тик учак кулап түштү


Кыргызстандын тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Түштүк Эңилчек мөнгүсү тарапта “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учагы бүгүн кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме ырастагандай, тик учак альпинисттерди куткаруу учурунда кулаган.

Баштапкы маалыматтарга караганда, тик учак шамалдан улам капталы менен түшкөн. Андан төрт адам жабыркаган, курмандыктар жок. Учурда альпинистти жана куткаруучуларды куткаруу боюнча иш жүрүп жатат. Тик учактын абалы тууралуу маалымат бериле элек.

Түштүк Эңилчек мөңгүсү - Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндег мөңгү. Кан-Теңир тоо тоомунда жайгашкан, Теңир-Тоодогу эң чоң мөңгү болуп эсептелет. (ErN)

XS
SM
MD
LG