Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Баткен: бала бакча жылан чыккандыктан бир айга жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен районунудагы өкүлү Туратбек Турдуев 3-июлда “Азаттыка” билдирди.

Маалыматка ылайык 2-июлда Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы “Лилия” бала бакчасында жылан чыгып, тарбиячылар менен балдардын тынчы кетип жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бала бакчага Санитардык эпидемиялык көзөмөл кызматынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен район акими жерине барып, абалды иликтеп көрүп, бала бакчаны бир айга жабууну чечишкен.

Август айына чейин бала бакчанын полу ачылып, иликтенип, дарылоо иштери жүрөт. Жыландар боюнча Баткенде атайын адистер жок. (JsA)

XS
SM
MD
LG