Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Сагындык Келдибаев Ыргал Кадыралиеваны сотко берди


Сагындык Келдибаев жана Ыргал Кадыралиева.
Сагындык Келдибаев жана Ыргал Кадыралиева.

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаев экс-депутат Ыргал Кадыралиеваны сотко берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын жардамчылары кабарлашты.

Келдибаев Кадыралиеванын үстүнөн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна арыз жазып, "ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 7 млн. сом өндүрүп берүүнү" суранды.

20-июнда Кадыралиева Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, "Келдибаевдин кош жарандыгы бар жана ал бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын жараны" деп билдирген жана Орусияда ага тиешелүү бир нече фирма бар экенин айткан.

Келдибаев ушул жылдын 25-апрелинде ант берип, депутаттык милдетин аткарууга киришкен.

Ал "Азаттыкка" комментарий берип, мурда орус жарандыгы болгонун, аны 2014-жылдын 23-декабрында тапшырганын билдирген. (UEz)

XS
SM
MD
LG