Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Камактагы Кулматовдун адвокаты Жогорку Сотко арызданды


Коррупцияга шектелип УКМКнын Тергөө абагында камакка алынган Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду камакка алуу чечимин жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко арыз жолдонду.

Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин Кулматовду тергөө бүткөнчө камакка алуу чечимин Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган эле. Мындай чечимге макул болбогон экс-мэрдин адвокаттары шаардык сотко кассациялык арыз менен кайрылган.

Шаардык сот да адвокаттын арызын канааттандырган эмес. Буга байланыштуу Кулматовдун адвокаты эми Жогорку Сотко арыз жолдоду.

Кубанычбек Кулматовго Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөн айда айып тагылган. Ал "2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда ЖЭБди жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясы берген 2 млн. долларлык грантты мыйзамсыз иштеткен" деп айыпталып жатат.

Бул иш боюнча алгач экс-мэрдин үйү тинтилип, ал 5-июнда камакка алынган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Өткөн аптада Кулматовго экинчи кылмыш иш козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кулматовду "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG