Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:34

Еврокомиссия АКШнын товарларына тариф киргизди


Бельгиядагы болот өндүрүүчү завод. 22-май, 2018-жыл.
Бельгиядагы болот өндүрүүчү завод. 22-май, 2018-жыл.

Расмий маалыматка караганда, АКШнын акчалай баасы 2,8 млрд. доллар турган бир жылдык товарына карата кошумча бажы салыгы 22-июнда күчүнө кирди.

Евробиримдиктин соода маселелери боюнча комиссары Сесилия Мальмстрем бул чечим жооп иретинде кабыл алынганын, эгер АКШ кошумча тарифти жойсо, Брюссел да ушундай кадамга барарын белгиледи.

АКШ быйыл 1-июндан тартып Европанын алюминийине 10%, болотуна 25% тариф киргизген. Вашингтон кошумча тариф койгон европалык товарлардын АКШга кирген бир жылдык импортунун көлөмү 6,4 миллиард еврого барабар.

Еврокомиссиянын басма сөз үчүн маалыматында АКШнын дагы 3,6 миллиард евролук товарына тариф үч жыл ичинде коюлары айтылат.

Евробиримдик тариф койгон америкалык товарлардын арасында болот, алюминий өндүрүмү, мотоциклдер, текстил, апельсин ширеси, виски, тамеки жана айыл-чарба өндүрүмү бар.

Соода өнөктөштөрү бири биринен ички базарын коргош үчүн чара көрүшү буга чейин соода согушу тууралуу кооптонууларды да пайда кылган. (UE)

XS
SM
MD
LG