Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Финансы полициясы салыктан качкан ишканадан 5 млн. сом өндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) “М.Т.” жоопкерчилиги чектелген ишканасынан 5 млн. 737 миң сом өндүрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз бөлүмү кабарлады.

2018-жылдын май айында аталган компанияга Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Бажы салыгынан качуу) менен иш козголгон. Тергөөнүн материалында Түштүк бажысынын кызматкерлери “Шань Чи” автоунаасынан декларацияга кирбеген 23 млн. сомдун товар табышканы айтылат.

Финполициянын маалыматына ылайык, ишкана өз ыктыяры менен бардык салык чыгымдарын, туумдарын төлөсө козголгон кылмыш иштери кыскартылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG