Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:51

Навальный пенсия реформасына каршы элди митингге үндөдү


Алексей Навальный Москвадагы тергөө абагынан чыгып келатат, 14-июнь, 2018-жыл.
Алексей Навальный Москвадагы тергөө абагынан чыгып келатат, 14-июнь, 2018-жыл.

Орусиялык оппозициялык активист Алексей Навальный пенсия курагын көтөрүүгө каршы митингге чыгууга элди чакырды. «Путин менен Медведевдин пенсия курагын көтөрүү идеясы – бул чыныгы кылмыш экенин моюнга алалы» - деп жазды Навальный Инстаграмдагы баракчасына.

«Бул реформаларды шылтоолоп он миллиондогон адамдарды жөн эле карактоо. Биз болгон күчүбүз менен буга каршы турабыз жана силерди дагы чакырабыз», - деди активист.

14-июнда премьер-министр Дмитрий Медведев өкмөт пенсияга чыгуу жашын жогорулатууну сунуш кылганын билдирди. Эки күндөн кийин өкмөт "Пенсия реформасы жөнүндөгү" мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думанын кароосуна берген.

Буга чейин аялдар 55 жашында эс алууга чыкса, сунушка ылайык азыр 63, эркектер болсо 60 эмес, 65 жашында чыкмакчы. Бирок пенсия жашы 2019-жылдан тарта бара-бара көтөрүлүп, өткөөл мөөнөт киргизүү да каралган.

Өкмөт реформа муктаждыгын калктын улгайышы жана пенсия системасындагы тең салмактуулуктун жоктугу менен түшүндүргөн.

Парламент долбоорду биринчи окууда июлда, экинчи окууда күзүндө карамакчы. Айрым маалымат каражаттары бийлик нааразылык толкунунан чочулап, сунушту жумшартышы мүмкүн деп жазышат.

XS
SM
MD
LG