Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:35

Өзбекстанда качкын аял абактан чыкты


Диларом Абдыкадырова .
Диларом Абдыкадырова .

2005-жылкы Анжиян окуясына байланыштуу сот жообуна тартылган Диларом Абдукадырова мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулду. Анжияндык качкын аял 2010-жылы Австралиядан Өзбекстанга келген учурда кармалып, 10 жылга эркинен ажыратылган. 14-июнда Абдукадырова эркиндикке чыгып, үй-бүлөсүнө кайтып барды.

Акыркы сегиз жылдан бери камакта жазасын өтөп жаткан 53 жаштагы Диларом Абдукадырова Орозо айттан бир күн мурда эркиндикке чыкты.

- Документтерин тез аранын ичинде даярдап, дароо эле абактан чыгарышкан экен. Орозо айттан бир күн мурда, арапа күнү Диларом өзү жашаган Анжиян облусунун Хакан айылына кирип келди. Эжебиздин эркиндикке чыкканы үйүбүзгө кубаныч тартуулады. Өзүн жакшы сезип, үйгө кайтканына шүгүр деп жатат, - деди атын жашырган тууганы.

Президент Шавкат Мирзиёев
Президент Шавкат Мирзиёев

Абдукадырова Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин абактагыларга ырайым кылуу жарлыгына ылайык эркиндикке чыккан.

Өткөн жумада Мирзиёев 200дөн ашуун кишиге ырайым берген. Алардын жарымы эркиндикке чыкса, жарымынын жазасы шарттуу болуп өзгөртүлгөн.

Диларом Абдукадырова 2005-жылдын 13-майында Анжиянда болгон кандуу окуя учурунда чек арадан Кыргызстанга качып өткөн жүздөгөн адамдардын катарында болгон.

Ошол учурда анын жолдошу жана төрт баласы чек арадан өтө албай, Өзбекстанда калып кеткен. Австралиядан баш паанек тапкан Абдукадырова үй-бүлөсүнө болгон басымдан улам 2010-жылы Өзбекстанга кайтууга мажбур болгон. Келээри менен камакка алынган аялга “Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү”, “Конституциялык түзүмгө каршы чыгуу” жана “Мыйзамсыз диний уюмга мүчөлүк кылуу” беренелери менен айып коюлуп, 10 жыл, эки айга абакка кесилген.

Ушул тапта анын 32 жаштагы уулу Миралим Орусияда иштейт. Мигрант жигит апасы менен жакын арада көрүшө турганын билдирди:

- Арапа күнүндөгү кубанычтуу окуя биз үчүн күтүүсүз болду. Акыры апам үйгө кайтты. Апам менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Абалы дурус экенин, өзүн жакшы сезип жатканын айтты. Акыркы ирет апам менен бир жыл мурда Ташкент шаарындагы түрмөлөрдүн биринде көрүшкөнбүз. Эми жакын арада Москвада иштеп жаткан жерден уруксат сурап, Анжиянга барганы жатам. Апамды көрүүгө ашыгып турам. 2010-жылы айыл башчылардын жана аксакалдардын сөзүнө ишенип, апамды Австралиядан чакыртып алганбыз. Бирок ал келери менен камалып кетти. Апамдын бизден бөлүнүп калганына баш-аягы 13 жылдай болду.

Эркиндикке чыккан Диларом Абдукадырова Анжиян окуясы боюнча калыс көрсөтмө берген күбө Махбуба Закированын эжеси.

Анжиян тополоңуна байланыштуу 2005-жылдагы соттук отурумдарда эки жүзгө жакын күбөлөрдүн жана калыстардын ичинен жалгыз Закирова гана "өкмөттүк аскерлер куралсыз аялдар менен балдарды көздөй ок жаадырганын" айтып чыккан. Бирок сот анын көрсөтмөсүн жалган, негизсиз деп тапкан. Закирова 2012-жылы төрт баласы менен Өзбекстандан качып чыгып, БУУга кайрылган. Ошондон кийин Австралиядан баш паанек тапкан.

Нажмидин Умаров
Нажмидин Умаров

Өзбекстандын мурдагы президенти маркум Ислам Каримовдун доору бүтүп, Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери Анжиян окуясында чет өлкөгө качкандар акырындап мекенине кайта баштады.

2017-жылдын күз айларында алгачкылардын болуп АКШдан баш паанек алган 76 жаштагы Нажмидин Умаров мекенине кайткан. Аэропорттон аны милиция кармап кетип, төрт сааттык сурактан кийин бошоткон.

Австралияда жашап жаткан өзбекстандык качкын Бахтияр Турдиев буга чейин “Азаттыктын” өзбек кызматына берген интервьюсунда азырынча Өзбекстанга кайтууга эртелик кыларын баса белгилеген.

- Азыркы учурдагы Өзбекстандагы өзгөрүүлөр бул башталышы гана. Буга дагы беш же он жылдай убакыт керек. Анткени мурдагы түзүм азырынча түп-тамырынан бери өзгөрө элек. Ал үчүн мыйзамдар өзгөрүп, бир тобу кызматтан алынышы зарыл. Ошондо гана кайтып барууну ойлонушубуз мүмкүн. Азырынча биздин ал жакка барууга ниетибиз жок.

Анжияндык Нажмидин Умаров Өзбекстанда бийлик өзгөргөн жылдардан кийин мекенине кайткан алгачкы жана акыркы качкын бойдон кала берүүдө.

Архивдик фото
Архивдик фото

Маалыматка ылайык 2005-жылы 11-февралда Анжиянда тыюу салынган диний агымдын мүчөлөрү делген 23 жергиликтүү ишкердин үстүнөн соттук угуулар башталган жана отурумдар нааразы болгон элдин митингдери менен коштолуп келген.

13-майга караган түнү куралданган адамдар түрмөнү күч менен ээлеп, абактагы эки миңге чамалуу адамды бошотуп жиберишкен. Козголоңчулар облустук администрацияны басып алып, Анжиянда башаламандык башталган.

Өзбек бийлиги 13-майда шаарга куралдуу аскер киргизип, козголоңчулар менен күч органдары ортосундагы кагылыштан кан төгүлгөн. Өзбекстандын расмий маалыматында Анжиян окуясында 187 адам набыт болгону айтылат. Расмий эмес маалыматтар боюнча анда 800дөй адам бейажал өлгөн. Аскердик жазалоодон качкан миңдеген тургундар Кыргызстанга келип, андан ары Румынияга жөнөтүлгөн.

БУУнун жардамы менен 500дөй өзбек качкыны АКШ, Австралия, Канада, Швеция, Германия, Чехия, Швейцария, Нидерланды жана Белгия сыяктуу мамлекеттерден баш паанек тапкан.

Соттук иштердин жүрүшүндө окуяга байланыштуу 150дөн ашык адам камакка алынган. Өзбекстан Улуттар уюму, Евробиримдик, АКШнын көз карандысыз изилдөө жүргүзүү жөнүндөгү чакырыгын четке каккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG