Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Арктика-Антарктика: эртеңибиз эмне болот?


Антарктикадагы эриген муз
Антарктикадагы эриген муз

Жакында "Азаттыктан" бир кабар чыкты. Анда Антарктика менен Арктикада муз тездик менен эрип жатканы кабарланган.

Окумуштуулардын иликтөөсү иликтөөсү боюнча 1992-жылдан бери Антарктикада дээрлик үч триллион тонна муз жоголгон экен. Ушундан улам дүйнөдө деңиз деңгээли 1990-жылдардын башынан бери бир сантиметрге жакын көтөрүлүптүр.

Бул өз кезегинде Тынч океандагы аралдардан тартып, АКШнын Флорида штатынын жээгине чейинки аймактарга коркунуч келтирээри эскертилиптир.

Антарктикадагы муздун эриши.
Антарктикадагы муздун эриши.

84 окумуштуу жүргүзгөн иликтөөнүн бүтүмдөрү 13-июнда "Nature" журналында жарыяланган. Алар Антарктикадагы муздун абалын жандооч аркылуу чогулган маалыматтардын жана башка ченемдердин негизинде иликтешкен. Натыйжада 1992-2017-жылдар аралыгында 2,7 триллион тонна муз жоголуп, бул деңиз деңгээли 1992-жылдан бери 0,76 сантиметрге жогорулашына салым кошкон деген тыянакка келишкен.

“Биз бул жыйынтыкты биздин планетанын ысышын басаңдатуучу аракеттер зарыл экендигинин дагы бир белгиси катары карайбыз”, - деген АКШнын космос агенттиги - НАСАнын муз кыртышына байкоо жүргүзгөн лабораториясындагы окумуштуулардын бири Эрик Риньо.

Бул окуя бизди да планетанын жашоочусу катары катуу ойго салды. Түйшөлдүрдү. Ошол учурда редакциябызга кат келди.

Айтылуу калемгер Калык Ибраимов агабыз дал ушул көйгөйдү ырга салган экен. Жарыялоону эп көрдүк. Анткени, Антарктика менен Арктиканын көйгөйү алардан кыйла алыс турган бизди да ойлондурууга тийиш. Анткени баарыбыз бир тоголок шардын, Жердин балдарыбыз.

Арктика-Антарктика (Поэтикалык эссе)

Оо, Арктика-Антарктика –

Жер бүткөндүн уюлдары.

карың каптап, музуң каптап,

мурда сенде бүрдөп өскөн,

гүлдөп өткөн канчалаган

цивилизация жатат азыр түбүңдө.

Канча заман өтсө дагы

сен аларды көөмп алып, сырын катып,

көрүстөндөй тунжурайсың, турасың...

* * *

Антарктикадагы пингвиндер.
Антарктикадагы пингвиндер.

Азыр сенде: ак аюулар,

ак кар, көк муз, айсбергдер

жана башка муз доорунан мурас калган атрибуттар.

Калгандары купуя.

Алар дагы кези келсе ачылаар.

Азырынча аз болсо да, шүгүр дейли ушуга.

* * *

Ит чеккен чана менен,

муз жаргыч кеме менен,

учакта аба менен,

адамдар өлүп-талып зорго жеткен,

Жердин чети: Арктика, Антарктика.

Музуна калт-калт этип араң кончу геликоптер,

кишилер калч-калч этип үшүп-тоңгон,

"түү" деген түкүрүгүң муз болуп жерге түшкөн

бул чөлкөмгө, кыйын болсоң,

кычыраган кышында бир келип көр...

* * *

Жер шарынын ысып баратканын чагылдырган инсталляция. Италия.
Жер шарынын ысып баратканын чагылдырган инсталляция. Италия.

​​Глобал жылуулуктан жылдап эрип,

айсберг - муз тоолор ураганын,

морж, тюлень, пингвиндер,

акула, касатка-кит, дельфиндер

ачкалыктан азык издеп,

"суугу күч түбөлүктүү тоң кайда" деп,

кайгырып ыйлаганын,

оо, окуучум, сен менден сурабагын.

* * *

Окуучум, сен алардын ал-абалын:

эриген кардан качып,

жукарган муздан качып,

кулаган айсберг-жардан качып,

жанталашып, канталашып айыгышканын,

дегеле Антарктика-Арктикада,

болуп аткан дүнүйөлүк калабаны көргүң келсе,

анда сен уюлдарга жайда баргын.

* * *

Уюлдун музу астында уюлдук куралы бар,

атомдук алп кемелер уурудай ары-бери жойлошорун,

алардын эгелери эмнени ойлошорун,

сен, албетте, көрө албайсың, биле албайсың.

Ал деген ашкан бир мамлекеттик Жашыруун сыр!..

* * *

Анан да айтышууда:

“Жер - тоголок шар деген болбогон кеп,

чындыгында, жер жалпак, ичи көңдөй,

бүткөн чеги - Арктика-Антарктика.

Алардын асты толо мунайзат-кенч.

Ким озунуп ээлесе,

өздөштүрсө – ал ааламдык дөөлөттүн эгеси болот”, - дешип.

* * *

Айтор, билбейм, кандай болот?...

Арктика-Антарктика –

Жер бүткөн эки уюлдун ортосунда,

Планета жүрөгүнүн толтосунда

адамзат жем талашып,

кен талашып тытышкан жырткычтардай,

тыптыйпыл жексен болуп кетпесе экен.

* * *

Экологиялык активисттердин акциясы. АКШ.
Экологиялык активисттердин акциясы. АКШ.

Уюлдун түпкүрүндө

түбөлүк уктап жаткан

эзелки эсил кайран цивилизациялардын

кейиштүү тагдырларын маңкурт болбой,

маңбаш болбой,

адамзат эстесе экен.

Билбейм, эртеңибиз эмне болот?..

* * *

Акыр заман алааматы,

дүйнөлүк апокалипсис - ай-аалам,

космос эмес, кудай да эмес, акылы аз,

пейили пас,

напсисин тыя албаган өзүмчүл

өзүбүздөн болуучудай болуп турат.

Билбейм, эртеңибиз кандай болот?...

Калык Ибраимов
Калык Ибраимов

Калык Ибраимов,

Философия илимдеринин кандидаты, СССР жана КР жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG