Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Ошто июнь окуясынын сегиз жылдыгы эскерилди


Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексиндеги эскерүү. 10-июнь, 2018-жыл.
Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексиндеги эскерүү. 10-июнь, 2018-жыл.

Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасы коогалаңда каза болгондорго багыштап куран окуу менен башталды. Андан кийин ынтымактын символу катары “Тынчтык коңгуроосу” кагылды.

Митинг реквиемге бийликтин атынан биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов катышып, жакындарын жоготкондорго көңүл айтышты.

Кубатбек Боронов июнь окуясынын сабагы Кыргызстандын элине жана бийлигине өтө маанилүү экенине токтолду.

Июнь окуясында курман болгондорго арнап куран түшүрүү жөрөлгөсү Анар жана Манас-Ата (ХБК) кичи райондорундагы жабыр тарткандар жашаган үйлөрдө уланды.

Эскерүү иш-чаралары Жалал-Абадда, Ош-Бишкек жолунун жээгине курулган “Эненин көз жашы” эстелик монументинде өтөт. Бул жерде 16 адамдын өмүрүн алган “Санпа окуясы” катталган.

2010-жылдагы июнь окуясында Ош жана Жалал-Абадда 446 адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG