Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

Путин: Орусия Батыш санкциялары алып келген кыйынчылыкты жеңди


Президенттер Владимир Путин жана Александер ван дер Беллен. Вена, 5-июнь, 2018-жыл.
Президенттер Владимир Путин жана Александер ван дер Беллен. Вена, 5-июнь, 2018-жыл.

Орус президенти Владимир Путин Австриянын борбору Венадан ушундай билдирүү жасады. Андан Евробиримдиктин санкцияларынын таасири тууралуу сурашканда, ал чаралар буга тиешеси бар тараптардын баары үчүн зыяндуу, санкциялардын жоюлушу баары үчүн пайдалуу экенин белгиледи.

Австриянын президенти Александер ван дер Беллен болсо Путин менен бирге өткөрүлгөн басма сөз жыйынында ал Орусия менен иштешүүдө Евробиримдиктикине шайкеш саясат жүргүзөрүнө токтолду.

Путин президент Александер ван дер Беллен жана канцлер Себастьян Курц менен жолугушуу үчүн Венага бүгүн барган.

Президенттигинин төртүнчү мөөнөтүнө кайра шайлангандан кийин Батыштагы биринчи сапарын утурлай Путин Евробиримдик менен мамилени оңдоо ниетин ишарат кылды.

Австриянын коомдук ORF телеканалы менен болгон маегинде орус президенти: “Биз бирдиктүү жана бакубат Евробиримдикти каалайбыз. Анткени Евробиримдик биздин эң ири соода-экономикалык өнөктөш. Биздин Евробиримдикти бөлөлү деген максатыбыз жок”,- деп ырастады.

Путин ошондой эле "Орусия азыр Австрия өкмөтүнүн курамына кирген Эркиндик партиясы өңдүү популисттик жана ашынган улутчул кыймылдарды колдоп, алар менен жакын мамиледе болуу аркылуу Евробиримдикке ажырым салууну көздөйт" деген көз караштарды четке какты.

Евробиримдиктин Орусияга каршы экономикалык санкциялары 2014-жылдын жазында Крым аннексиялангандан кийин жана Москванын Украина чыгышында жикчилерди колдогон аракеттерине байланыштуу киргизилген. (UE)

XS
SM
MD
LG