Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Депутат Осмонбек Артыкбаевге кылмыш иши козголду


Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл органы бүгүн тараткан маалыматта 2012-2013-жылы "Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруу үчүн "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төрт компаниядан сунуш келгени аныкталганы айтылат.

Маалыматка караганда, бул компаниялардын арасында энергетика долбоорлору боюнча эл аралык келишимдерди жүзөгө ашыруу менен алектенген Кытайдын мамлекеттик СМЕС компаниясы Кыргызстанга пайдалуу сунуш берген. Ал долбоорду 356 миллион долларга ишке ашыра турганын айткан. Ал эми Кытайдын ТВЕА компаниясы долбоорду 390 миллион долларга бүтүрүүнү сунуш кылган жана анын мындай долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча тажрыйбасы болгон эмес.

Ага карабай, 2013-жылдын 24-майында Кыргызстандын президентинин резолюциясы менен ошол кездеги энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевге президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошондогу жетекчиси Сапар Исаков жана каржы-экономикалык талдоо бөлүмүнүн ошол учурдагы жетекчиси Нурсулуу Ахметованын атынан кызматтык кат келип, анда ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүүгө жана аны тандоого артыкчылык берүү керектиги белгиленген. Андан кийин Артыкбаев 2013-жылдын майынан декабрына чейин көп жолу келишимдик макулдашууну бекитүү тууралуу жыйын өткөргөн. Ал жыйындарда ТВЕА сунуштаган шартта аны менен тез арада келишим түзүү зарыл экендигине басым жасаган.

Артыкбаев өзүнүн орун басарлары Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын ошол кездеги башкы директору Салайдин Авазов жана анын орун басары менен бирге милдеттүү түрдө керек болгон техникалык-экономикалык негиздемени жана башка техникалык документтерди талап кылган эмес. Анын жыйынтыгында негиздеме жок эле 2013-жылдын 16-июлунда "Электр станциялары" ишканасы менен ТВЕА компаниясынын ортосунда Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу «EPC» эл аралык стандарты боюнча Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө айтылат.

Мекеменин маалыматына караганда, бул келишимде "Электр станциялары" курулуштун чыгымдарын көзөмөлдөө жана ага таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Кылмыш иши УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Осмонбек Артыкбаев бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакыртылган. Ага чейин анын адвокаты Айжан Орозакунова Айбек Калиев менен Осмонбек Артыкбаев 6-июнда беттештирилип, суракка алынарын маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG