Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:12

"Бурулай, бизди кечир!" акциясын өткөрүү демилгеси көтөрүлдү


Бурулай Турдаалы кызы.
Бурулай Турдаалы кызы.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Бурулай, бизди кечир!" акциясын өткөрүүнү сунуш кылып жатат. Бүгүн ал "Фейсбуктагы" жеке баракчасына ушундай кайрылуусун жарыялады.

“Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып Абдирасулова Бурулай милициянын имаратында өлтүрүлгөнү кооптонуу жаратарын белгиледи.

- Демократиялуу, адам укугун сактаган өлкөдө ушундай окуя болсо - премьер-министр да, ички иштер министри да өз каалоосу менен кызматынан кетмек. Биздикилер болсо отурат, унчукпастан, “күнөө бизде эмес, 20 секунданын ичинде эле ушундай окуя болуп кетти” деп. Эч убакта кылмышкерди колго түшүрүп туруп, анан жабыркаган адамдын жанына отургузбайт.

27-майда Жайыл районунда 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан адам кармалып, экөө милиция бөлүмүнө жеткирилген. Шектүү милиция бөлүмүндө кызды мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. "Кызды өлтүрдү" деп шектелген адам ооруканада экени кабарланган.

Милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") менен кылмыш иши козголгон. Териштирүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чүй облустук башкармалыгы жүргүзүүдө. Абалды ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жеке көзөмөлүнө алган.

XS
SM
MD
LG