Өзбекстандын Асака шаарындагы автоунаа заводу "Chevrolet Captiva" машинесин чыгарууну токтотот. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы "Узавтосаноат" ишканасынын башкаруучусу Умиджон Салимовдун жергиликтүү маалымат булактарына билдиргенине таянып кабарлады.
"Азыр Captiva машинесинин ордун баса ала тургандары даярдалып жатат. Машина өз "жашоо циклинин" аягына жакындады. Жылдын соңуна чейин машинени чыгарууну токтотобуз",- деди Салимов.
Өзбекстанда "Captiva" 2007-жылдын октябрынан бери чыгарыла баштаган.
Мурдараак GM Uzbekistan ишканасы "Matiz" чыгаруу токтотулаарын, ордуна ушул типтеги "Spark" автоунаасы көбүрөөк чыгарыларын маалымдаган.